КАЙРАГАЧ-АРЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРАГАЧ-АРЫК – Ош облусунун Араван районун­дагы кыштак. Нурабад айыл округуна караш-туу. Деңиз деңгээлинен 640м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Араван кыштагынан 15 км түндък-чы­гыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 36 км. Калкы 4109 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгек­тенет. Орто мектеп, китепкана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, чайкана иштейт.