КАЙРАГАЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРАГАЧ – Баткен облусунун Лейлек районун­дагы кыштак. Бешкент айыл округуна караш­туу. Деңиз деңгээлинен 620 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Исфана шаарынан 72 км түн.-чыгыш тарапта. Пролетарск темир жол бекетинен (Тажикстан) 50 км. Кыштак 1896-жылы негизделген. Калкы 3052 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.