КАЙНАЗАРОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАЙ НАЗАР ОВ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙНАЗАРОВ Толубай (1900, Ош облусу, Өзгөн району, Татты-Булак кыштагы – 1999, ошол эле жер) – дыйкан,


Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Эмгек жолун 1933-жылы «Эр­кин» колхозунда катардагы колхозчудан баштаган. Ош облусунун Өзгөн районундагы «Куршаб» совхозунун тала­ачылык звеносунда башчы болуп иштеген. Ал жетектеген звено 1947-жылы 18 га жердеги буудай­дын ар гектарынан 31,72 цден түшүм алган. Ле­нин ордени м-н сыйланган.