КАИР
КАИ́Р (ар. Аль-Кахира) – Египет Араб Республикасынын борбору, шаар. Өз алдынча административдик бирдикти түзөт (мухафаза статусуна ээ). Өлкөнүн түндүк-чыгышында, Нил дарыясынын оң жээгинде жайгашып, Гезира ж-а Рода аралдарын ээлейт. Калкы 7,9 млн (2008; агломерациясында 16 млн; өлкөнүн калкынын 1/4 и). Африкадагы эң ири шаар. Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен. Каирди 969-жылы Фатимиддердин кол башчысы Жаухар ас-Сакали негиздеп, 973-ж. «Миср аль- Кахира» («Жеңиштүү Мысыр», арабча Кахира) деп аталган. 973–1171-жылдарда Фатимид халифатынын,

Айюбилердин (1171–1250), мамлюктардын (1250–1517) мезгилинде Каир – ири соода кол өнөрчүлүктүн очогу. 1517-жылы шаарды осмон түрктөрү басып алып, бүлдүргөн. 1795-, 1804–05-жылдарда мамлюктар м-н түрктөргө каршы көтөрүлүштөр чыккан. 1882-жылы англиялык аскерлер Египетти басып алганда Каирдин жаңы бөлүгү колониялык анклавга айланган. 1914–22-жылдарда Британия протектаратынын административдик, 1922-жылдан Египет Королдугунун, 1953–58-жылдарда Египет Республикасынын, 1958–71-жылдарда Бириккен Араб Республикасынын, 1971-жылдан Египет Араб Республикасынын борбору. Каирде Араб мамлекеттер лигасынын штаб-квартирасы (1945-жылдан), Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн тилектештик комитетинин туруктуу секретариатынын резиденциясы (1957-жылдан) жайгашкан. Шаардын экономикасынын негизин жеңил өнөр жайы м-н туризм түзөт. Металл иштетүү, машина куруу, химия, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (металл, тери ж. б. материалдардан буюм жасоо) өнүккөн. Университеттер, Египет искусство академиясы, музейлер (анын ичинде Египет, Копт, ислам искусствосу), консерватория (1959-жылы негизделген), театрлар (анын ичинде опера, улуттук, эркин, куурчак ж. б.) бар. Ар кыл тарыхый доорлордогу 400дөн ашык архитектура эстеликтери, анын ичинде Рим (Вавилон чебинин Траян мунарасы, б. з. 100-жылдар чен), Византия (копттордун чиркөөлөрү) мезгилинин эстеликтери, Ибн-Тулун (9-кылым), аль-Азхар (10-кылым; анын астында дүйнөдөгү эң мурдагы университет иштейт, ал куранды үйрөтүүнүн башкы борбору) мечиттери, дарбаза (11-кылым), цитадель (12-кылым), көптөгөн медреселер, мамлюктардын мавзолейлери (15-, 16-кылымдардын башы) сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.
Т. Чодураев.