КАЗУАР СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗУА́Р СЫМАЛДАР (Casuariiformes) – жал­пак төштүү куштар түркүмү. Буту үч манжалуу.

Жүнү кылдуу. Эки тукуму (казуарлар ж-а эму) бар. Казуар сымалдар­дын башында мүйүз өсүндү «таа­жысы» болот, мо­юну ачык түстөгү калың терилүү, жүнү жок. Салмагы 80–90 кг. Жүнү кара, кылчыктуу. Толук өсүп жетил­беген канатында узун мүйүз өзөк –чалгын канаты­нын калдыгы бар. Буттары күчтүү, 3 манжалуу, ич жакка кара­ган манжасынын тырмагы курч, ал коргоочу кызмат аткарат. Жаңы Гвинеяда, ага коңшу­лаш аралдарда ж-а Австралиянын Түндүк Чыгы­шындагы тропик өлкөлөрүндө 3 түрү кездешет. Тез чуркайт (саатына 40 км), жакшы сүзөт. Мо­ногамдар, уясын жерге салып, 3–8 жумуртка тууйт, аны эркеги басып, жөжө чыгарат. Да­рактан түшкөн мөмө, урук (дан), курт-кумурс­ка м-н азыктанат.