КАЗАН КАЗАТТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАН КАЗАТТАРЫ (1545–52) – Россияга аг­рессиячыл саясат жүргүзгөн Казан хандыгына каршы орус аскерлеринин согуштук аракетте­ри. Казан хандыгы (1438–1552) Россиянын Вол­га аркылуу өтүүчү соода жолун жаап, анын ай­магына дайым чабуул коюп турган. 16-кылымдын орто ченинде Казандагы орус туткундарынын саны 100 миңге жеткен. Казанды Россияга би­риктирүү үчүн болгон күрөш 15-кылымдын аягында башталып, 16-кылымдын 40-жылдарында өзгөчө күчөгөн. Татар феодалдарынын бир бөлүгү («Мос­ква партиясы») бул күрөштү жактаган. 1545- жылдагы жортуул согуштук демонстрациялык мүнөздө болгон. Натыйжада «Москва партия­сынын» позициясы күчөп, 1545-жылдын аягын­да хан Сафа-Гирей Казандан куулган. 1546-жылы тактыга Шах-Али отурган. Бирок крымдыктар­дын колдоосу м-н Сафа-Гирей Казанга кайра кел­ген. Орустардын 1547–48- ж-а 1549–50-жылдардагы жортуулдары ийгиликсиз аяктаган. Иван IVнүн өкмөтү жаңы жортуулга камынган. Буга Ногой ордосу көмөктөшкөн. 1551-жылы Шах-Али кайра­дан тактыга отуруп, бирок ал башкара алба­гандыктан, 1552-жылы Казандан кетип, ордуна астрахандык ханзада Ядигар келген. 1552-жылы 16- июнда Иван IV баштаган орус аскерлери Моск­вадан чыгып, Тулада Крым ханы Давлет-Гирей­дин аскерлерин талкалаган. 2-октябрда Казан багындырылган. Казан казаттарынын натыйжасында Ка­зан хандыгы жоюлуп, Орто Волга бою Россия­га кошулуп, Кавказ ж-а Чыгыш өлкөлөрү м-н соода байланыш кеңейген.

Ад.: Казанская история. М.–Л., 1954.