КАЗАКТАР (улут)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАКТАР – у л у т , Казакстан Республикасынын жергиликтүү калкы. РФ, Өз­бекстан,

Түркмөнстан, Кыргызстан (42,6 миң киши), Украина, Тажикстан, ошондой эле Кытай, Моңголия, Түркия, Иран, Афганстанда да жашашат. Жалпы саны 12 млн киши, анын ичинде Казакстанда 8 млн (2008). Казак тилинде сүйлөшөт. Ислам динин тутушат. 1925-жылга чейин казактар кыргыз-кай­сактар деп жаңылыш аталып келген. Казактардын этностук негизине Казакстан ж-а Орто Азия аймагында жашаган жергиликтүү ж-а көчмөн уруулар (сак, усун, алан, түргөш, карлук, огуз, кыпчак, кидан, найман, керей ж. б.), ошондой эле моңголдор зор таасир тийгизген. Б. з. 1-миң жылдыгынын 1-жа­рымында Казакстан аймагында хунн ж-а түрк тилдүү уруулардын миграциясына байланыштуу түрктөштүрүү процесси жүргөн. Казактардын өзүнчө калк болуп калыптанышына 13-кылымда башталган моңгол чапкыны көп тоскоолдук кылган.
Чыңгызхан өлгөндөн кийин 13-кылымдын ортосунда казактар Алтын Ордо мамлекетине караган. 14-кылымдын аягы–15-кылымдын башында Алтын Ордо кулап, анын ордуна Ногой ордосу, Өзбек хандыгы орногон. 15–16-кылымдарда бирде өзбек, бирде казак аталып жүрүп, 15-кылымдын 50-жылдарынан «казак» деген этностук аталыш пайда болгон. 15-кылымдын 2-жарымында Казак хандыгы түзүлүп, казак элинин калыптануусу аяктаган. Казак эли үч жүздүккө бөлүнгөн. Улуу жүзгө (Жети-Суу) – сарүйсүн, дулат, каңды, албан, суан, жалайыр, чапырашты, очокту, ысты, сиргели уруулары; Орто жүзгө (Борбордук Казакстан) – аргын, найман, кыпчак, кереит, уак, коңурат уруулары; Кичүү жүзгө (Батыш Казакстан) – жети уруу (кердери, керейт, табын, тама, жагалмайлы, төлө, рама­дан), али уулу (кара кезек, кара сакал, кете, төрт кара, шөмекей, шекти) ж-а бай уулу (адай, жаппас, алаш, байбакты, малкар, бериш, таз, эсентемир, тана, кызыл курт, шеркеш, ысык) ж. б. уруулары кирет. Казактар 19-кылымдын 60-жылда­рында Россиянын курамына (1731-жылы Кичүү жүз, 1740-жылы Орто жүз ж-а Улуу жүз казактарынын жа­рымы) кирген. Казактар мал чарба ж-а дыйканчылык м-н кесиптенишип, боз үй (түштүгүндө бийик, түндүгүндө жалпак чамгарактуу), таштан, ка­мыштан же жыгачтан тургузулган боз үй сымал үйдө (шошала, тошала), ошондой эле жер төлөлөрдө жашашкан. Казактардын салттык кийими негизинен төө жүнүнөн, ошондой эле кой жүнү, кийиз ж-а бул­гаарыдан даярдалган. Эркектер тик жакалуу көйнөк, багалеги кенен ыштан ж-а бешмант, чапан, башына топу, калпак, тебетей, тумак кийип, белине кур курчанган. Улгайган аялдар ак же күңүрт, жаштары ачык түстүү көйнөк кийип, башына кыздар шөкүлө, улгайгандары элечек кийишип, кооздуктарды тагынышкан. Тамак-ашы – негизинен дан, эт, сүт азыктары.