КАЗАКОВ Абдуллажан
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЗАКОВ Абдуллажан [1906-жылы туулган, Ош облусу, Ленин (азыркы Ноокен) району, Бүргөндү айылы – 1976, ошол эле жер] – пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры

(1957). 1933-жылдан Ош (азыркы Жалал-Абад) облусунун Ленин районундагы Карл Маркс атындагы колхоздо пахта өстүрүүчү звенонун башчысы болуп иштеген. Ал жетектеген звено 1955-жылы 88 га пахтанын ар гектарынан 45 цден, 1956-жылы 48,3 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ордени м-н сыйланган.