КАЗАКБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАКБАЕВ Абдыкаир [20. 01. 1920, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу облусу, Тынай болуштугу (азыркы Кемин району, Чым-Коргон кыштагы) – 25. 08. 1967, Фрунзе шаары] – мамлекеттик жана коомдук ишмер. Кыргыз Айыл Чарба институтун (1945), КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык

мектепти (1947) бүтүргөн. 1943–1944-жылдарда Кыргызстан ЛКЖС БКнын секретары, 1947–1949-жылдарда партиянын Фрунзе обкомунун үгүт жана саясат бөлүмүнүн башчысы, 1949–1951-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдын­дагы искусство иштери боюнча башкармалыктын башчы­сы, 1952–1953-жылдарда Кыргызстан КП БКнын илим жана искусство бөлүмүнүн башчысы, 1953–1958-жылдарда Кыргыз ССР маданият министри, 1958–1963-жылдарда Кыргызстан КП БКнын секретары, 1963–1966-жылдарда Кыргызстан КП БКнын алдындагы тарых институтунун директору, 1966–1967-жылдарда В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-ке­линдер педагогика институтунда проректор болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы (1955–1965). Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты. 2 Эмгек Кызыл Туу, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.