КАЗ ТАҢДАЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЗ ТАҢДАЙ (Achillea) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп ж-а чала бадал. Татаал жалбырагы сабакта ке-

зектешип жайгашкан. Себеттери майда калканча топ гүлгө чогулган. Ак, кызгылт сары түстө. Мөмөсү – урукча. Түндүк жарым шардын мелүүн зонасында каз таңдайдын 100 түрү белгилүү. Кыргызстанда 4 түрү өсөт. Кадимки каз таңдай көбүнчө токой, талаа, шалбааларда кезигет. Мал жебейт. Элдик медицинада дары катары колдонулат. Каз таңдай көбүнчө арык боюнда, тоо этегинде өсөт. Кадимки каз таңдай Кызыл китепке (мурдагы СССРдин) катталган.