КАДЫРОВ Касым
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАДЫРОВ Касым (1925-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Ичке-Жергез айылы –1994, Каракол шаары) – машина айдоочу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек жолун 1941-жылдан Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында

тракторчу болуп иштеп баштаган. Ата Мекендик согушка катышкан. 1950-жылдан Караколдогу жүк ташучу автобазанын, Ысык-Көл автотрестинин айдоочусу. Жүк ташууда чоң ийгиликтерге жетишкен. Ленин, Октябрь Революциясы, 2- ж-а 3-даражадагы Эмгек Даңкы ордендери м-н сыйланган.