КАДЫРОВ Зайдулла
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАДЫРОВ Зайдулла (1886, Россия империясы – өлгөн жылы белгисиз, СССР) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдөн. Екатеринослав губерниясындагы (азыркы Украина, Кропивницк облусу) Юзовкада (азыркы Донецк) жергиликтүү социал-демократиялык уюмду, 1905–1907-жылдарда Баку шаарында революциячыл кыймыл түзүүгө катышкан. 1912–1917-жылдарда Сүлүктүдө иш таштоолорду уюштурган. 1917-жылы Сүлүктүдөгү кенчилердин арасында социал-демократиялык топту түзүүнүн демилгечилеринен жана Сүлүктүдөгү жумушчулар советинин төрагасы болуп шайланган. 1918–1920-жылдарда мамлекеттештирилген Сүлүктү кен башкармасында ж. б. ишканаларда партиялык, советтик жетекчи кызматтарда иштеген.