КАДЫРАЛИЕВ Таалайбек
КАДЫРАЛИЕВ Таалайбек (07.08.1968-ж.т. Нарын обл., Нарын ш.) –ь спортчу (бокс), ССРдин спорт чебери, эл аралык спорт чебери,КРдин эмг. сиңирген спорт чебери. КРдин көп жолку чемпиону (1990–2000). 1987, 1989, 1990-жж. СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн биринчилигинде үч жолу экинчи орунду ээлеген. 1988-ж. Алматыда өткөн СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн чемпионатында алтын металь уткан. 1983-ж. КМШнын жаштар оюндарында коло металга, 1993-ж. Шериктеш өлкөлөрдүн алтын медалына ээ болуп, чемпион аталган. 1994-ж. Бангкокдо өткөн Дүйнө кубогунда коло, 1999-ж. Ташкентте өткөн Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон. 1999-ж. Борб. Азия оюндарынын чемпиону аталган. Эл аралык турнирлердин бир нече жолку жеңүүчүсү. Д. Шопоковду эскерүү эл аралык мелдештерде 8 ирет баш байгени жеңип алган. 2000-ж. Сиднейдеги (Австарлия) жайкы олимпиадага катышкан. 2002-ж. Пусанда ( Түш. Корея) өткөн 14-Азия оюндарында коло медалга ээ болгон. Учурда бокс б-ча улуттук команданын ага машыктыруучусу. Устаты КРдин эмг. сиң. машыктыруучусу – У. Үмөтбеков.