КАДЫРАЛИЕВ Казакбай
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАДЫРАЛИЕВ Казакбай (1882-жылы туулган, Нарын облусу, Ат- Башы району, Дыйкан айылы – 1956, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949).

Эмгек жолун Нарын облусунун Ат- Башы районундагы «Кызыл- Дыйкан» айыл чарба артелинде баштаган. 1943-жылдан жылкычы. Жылкы чарбасын өнүктүрүүдө ж-а анын кунардуулугун арттырууда мыкты ийгиликтерди жаратып, 1948-жылы 50 тубар бээден 50 кулун алып, толугу м-н аман асыраган. Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.