КАДУНА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАДУ́НА – Нигериянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Кадуна штатынын административдик борбору. Кадуна дарыясынын (Нигердин куймасы) боюнда жайгашкан. Калкы 1,2 млн. (2024). Маанилүү жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Англичандар тарабынан 1913-жылы негизделген. Текстиль, кагаз, тамак-аш, нефть ажыратуу, машина куруу, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (карападан буюм жасоо) өнүккөн. Нигерия ИИИ (1951), улуттук көз борбору (1979), Нигерия коргоо академиясы (1964), университет, политехникалык институт, китепкана, музейлер (анын ичинде тарых ж-а этнография) бар. Парк зоопаркы м-н уюштурулган.