КАДДАФИ
КАДДА́ФИ , Муамар бен Мухаммед Абу Меньяр Абдель Салям бен Хамид аль-Каддафи (1942-жылы туулган, Ливия, Сирт шаары) – Ливиянын мамл. ж-а саясий ишмери. Ливиянын «революциячыл жетекчилигинин» башчысы. «Эркин офицерлер» уюмун түзүүчүлөрдүн бири.

Полковник. Ливия университетинин тарых факультетин (1963), Ливиядагы аскер окуу жайын (1965), Улуу Британиядагы Боунингтон- Хис аскер окуу жайынын даярдоо курсун (1966) бүткөн. 1969–77-жылдарда революциялык командачылык кеңешинин төрагасы, 1970- жылдан Ливия Араб Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы ж-а Улуттук коргоо Кеңешинин төрагасы, 1970–72-жылдарда премьер-министр, 1972–74-жылдарда Араб социалисттик уюмунун төрагасы, 1977- жылдан жалпы элдик конгресстин генералдык секретары. 1969-жылы 1-сентябрда ливиялык армиянын жаш офицерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, королдук бийликти кулатып, Ливия Араб Республикасы жарыяланган. Бийлик Каддафи башында турган революциялык командачылык кеңешке өткөн. 1970-жылы Ливия аймагындагы британдык ж-а америкалык согуштук базаларды жойгон. Египет президенти Г. А. Насер м-н жакшы мамиледе болгон. 1971-жылы Египет, Сирия ж-а Тунис м-н бирдикте Араб Республикалар Федерациясын түзгөн. Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун иш чараларына көмөк көрсөткөн. 1973-жылы Ливиядагы чет элдик мунай компаниялары м-н банктарды мамлекеттештирген. 1974-жылы «исламдык социализм» программасын жарыялап, өлкөдө араб социалисттик уюмуна гана жол берип, башка партияларга тыюу салган. 1980-жылдары Ливияда экономикалык, административдик реформаларды жүргүзүп, согуш чыгымдарын кыскартууга аракеттенген. Батыш өлкөлөрү, АКШ Каддафини террористтерди ж-а террорчул уюмдарды колдойт деп таап, Ливияга каршы экономикалык ж. б. санкцияларды колдонгон. 2004-жылы бул экономикалык санкциялардын көбү алынган.