КАГАЯН-ДЕ-ОРО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАГАЯ́Н-ДЕ-О́РО – Филиппиндеги шаар. Минданао аралынын батышында жайгашкан. Чыгыш Мисамис провинциясынын административдик борбору. Калкы 741,6 миң (2024); чоңдугу б-ча Минданао аралындагы Даваодон кийинки 2-шаар. Маанилүү жолдор тоому. Деңиз порту. Филиппин архипелагындагы башка аралдар м-н паром аркылуу байланышат. Испандар тарабынан 1622-жылы негизделген. Тамак-аш (кофе, кургак сүт, консервацияланган жемиштер, ширелер, суусундуктар, кокос майы чыгарылат, деңиз балырлары иштетилет), жыгаччылык, пластмасса буюмдары өнөр жай ишканалары иштейт. Ыйык Августин кафедралуу собору, менчик университеттер, лицей ж. б. бар. Жыл сайын Ыйык Августин фестивалыөткөрүлөт. Туризм өнүккөн.