КАГАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАГАН , к а х а н (хандардын ханы, башкы хан деген маанини билдирет) – байыркы Түрк мамлекет башчыларынын титулу. Кээде мам­лекет да кагандык деп аталган ж-а 6-кылымда кыр­гыз, түрк, уйгур кагандыгын башкарган адам­дар же башкы аскер жетекчиси да каган наамын алган. Алар согуш ачуу, тынчтык келишимин түзүү, чет элдик элчилерди кабыл алуу, бектер­ди (жабгу, шад, элтебер, тархан ж. б.), уруу башчыларын дайындоо, алык-салыктын өлчө­мүн белгилөө сыяктуу иштерди чечкен. Каган ал­гачкы жолу жужандардын аскер башчысынын наамы катары б. з. 312-жылы кытай хроникала­рында эскерилип, кийин авар, хазар, хунн, бул­гарларда да белгилүү болгон. 8-кылымдын аягы – 9- кылымдын башынан 13-кылымга чейин Киев княздары да каган титулун пайдаланышып, саясий жактан өздөрүн Хазар кагандарына тең экендигин көрсө­түүгө аракеттенишкен. Моңгол мамлекетин не­гиздеген Темучин (Чыңгыз хан) дагы ушул наам­ды кабыл алган. «каган» термини мусулман дарек­теринде «хан», «хакан», моңголдордо «каан» түрүндө кездешет. Изилдөөчүлөр бул термин кытай тилинен кирип, «улуу башкаруучу» деген­ди билдирерин белгилешет. Бул титул жазуу эс­теликтеринде антропонимдердин компонентте­ри катары (Бумын каган, Ай каган, Боз каган, Билге каган, Барсбек каган ж. б.) колдонулган.