КАБАРДА-БАЛКАРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБАРДА-БАЛКАРИЯ , К а б а р д а-Б а л к а р Р е с п у б л и к а с ы Россия Федарациясынын субъектиси. Россиянын Европа жак бөлүгүнүн түштүгүндө жайгашкан. Түштүгүнөн Грузия м-н чектешет. Аянты 12,5 миң км2.. Калкы 908,2 миң (2025); негизинен кабарда (48,2%), балкар (9,4%), орус (32%), украин (1,7%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 62,4 киши. Ислам (мусулман), ошондой эле правосла­вие ж-а протестант диндерин тутат. Административдик-аймактык жактан 9 районго, 8 шаарга, 2 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Нальчик шаары. Шаар калкы 56,6%. Ири шаарлары: Прохладный, Тырныауз.
Түштүк Федерация округуна кирет. Мамлекеттик бий­ликтин органдар системасы 1997-жылы кабыл алын­ган Кабарда-Балкариянын конституциясы та­рабынан аныкталат. Мамлекет башчысы – прези­дент. Парламенти 2 палатадан (өкүлдөр ж-а мый­зам чыгаруу) турат.
Табияты калктын жашоосуна ыңгайлуу. Экологиялык абалы канааттандырарлык. Республика Чоң Кавказдын түндүк капталында, Кабарда түздү­гүндө жайгашкан. Ошондой эле республиканын аймагынан Чоң Кавказдын эң бийик жери Эльбрус чокусу (бийиктиги 5642 м; Россиянын да эң бийик жери) орун алган. Республиканын аймагынын 33%ин түз­дүк ээлейт. Январдын орточо температурасы түздүктө­рүндө –2...–5°С (кээде –32°Сге чейинки суук бо­лот), тоолуу аймагында –11°С, июлдуку 21– 24°С. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрүндө 300– 400 ммден 500–600 ммге, тоо этектеринде 900– 1100 мм, бийик тоолорунда 2400–3000 ммге че-

Чоң Кавказдагы эң узун мөңгү – Безенги.

йин. Көптөгөн минералдуу булактары ж-а 2172ге жакын агын суулары (жалпы узундугу 5470 км; Зол­ка дарыясынан башка) бар. Дарыялары: Терек, Мал­ка, Баксан. Түздүктөрүндө негизинен кара, тоо­лорунда күрөң тоо-токой ж-а тоо-шалбаа топу­рагы басымдуу. Талаа ландшафты өрдөгөн са­йын жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб), субальп ж-а альп шалбаасына өтөт. Мөңгүлөрү бар. Кен байлыктарынан нефть, вольфрам, мо­либден, коргошун, цинк, алтын, калай, бенто­нит чопосу, курулуш материалдар сырьёсу, таш көмүр казылып алынат.
Бул аймакка кабардалар ж-а балкарлар 13– 15-кылымдарда эле отурукташа баштаган. 1557-жылы Ка­барда, 1827-жылы Балкария Россиянын курамына кирген. 1921-жылы Кабарда АОсу, 1922-жылы Кабар­да-Балкар АОсу түзүлүп, 1936-жылдан Кабар­да-Балкар АССРи болгон. 1944-жылы Балкария ав­тономиясы жоюлуп, балкарлар республиканын айма­гынан күч м-н чыгарылган. 1957-жылы Кабарда-Балкар АССРи калыбына келтирилген. 1992-жылы 5-январда республиканын алгачкы президенти шай­ланып, 1992-жылы 10-мартта учурдагы аталышы кабыл алынган.
Республика Россияда өнүккөн тамак-аш ж-а тоо-кен казуу өнөр жай ишканалары м-н өзгөчөлө­нөт. РФте жемиш мөмөлөрүн жыйноо боюнча 8- орунда (жалпы РФте жыйналгандын 3,2%и), жүн өндүрүү боюнча 11-орунда (2,2%). Кабарда-Балкар – тоо­лыжа спорту, бийик тоо туризми ж-а альпи­низм боюнча негизги аймактардын бири. Регион­дун дүң продукциясынын көлөмү 21389,9 млн рубль. Андагы айыл чарбасынын үлүшү 32,9%, өнөр жайдыкы 17% (2001). Чарбасы дан эгиндерин ж-а тех. өсүмдүктөрдү өстүрүүгө, сүт, сүт-эт багытында­гы мал асыроого багытталган. Айыл чарбага жарак­туу жери 665,0 миң га (жалпы жер фондусунун 53,2%и), анын ичинде айдоо аянты 310,8 миң га (47,7%). Дан эгиндери (66,2%, буудай, жүгөрү, арпа), тоют өсүмдүктөрү (20,7%) өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, же­миш өстүрүү ж-а асыл-тукум жылкы (кабарда тукуму) асыроо, аарычылык өнүккөн. Өнөр жайынын негизги багыттары: тамак-аш (40,4%, жашыл­ча-жемиш, ликёр-арак, кондитер, спирт, мине­ралдуу суулар ж-а алкоголсуз ичимдиктер), ма­шина куруу ж-а металл иштетүү (26,8%; ири ишканалары – «Машина куруу з-ду» ААК, «Кав­казкабель» ЖАК, «Терекалмаз» ААК), түстүү ме­таллургия (5,8%; «Гидрометаллург» ААК), ку­рулуш материалдары (3,7%). Темир жолунун узундугу 133,3 км, автомобилдики 3101,6 км (анын ичинде 1968,5 кми асфальтталган). Республиканын аймагы аркылуу Түндүк-Кавказ темир жол тармагы, «Кавказ» федерациялык автомагистралы өтөт. Эл аралык аэропорту бар. Республикада 301 жалпы билим берүүчү, 28 башталгыч ж-а орто окуу жайы, 7 ЖОЖ (анын ичинде университет; филиалдар м-н), 5 театр (анын ичинде музыкалык, куурчак), филармония, 2 бий ж-а ыр-бий ансамбли, 11 музей (анын ичинде Кайсын Кулиевдин үй-музейи ж. б.), 3 китепкана (анын ичинде азиздер үчүн) бар.


Ад.: Кабардино-Балкария//Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., 2008.

Р. Карачалова.