КАБА (Базар-Коргон районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАБА – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Талды-Булак айыл округунун борбору. Кара-Үңкүр суусунун оң өйүзүндө, Базар-Коргон – Арстанбап жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1220 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 23 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 55 км. Калкы 2875 (2022); негизинен токойчулукта эмгектенип, дыйканчылык ж-а мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, почта түйүнү, амбулатория бар. Тегирмендер, мончо, соода түйүндөрү турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, кичи ишканалар иштейт.