ЙОГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЙО́ГА (санскритче, сөзмө-сөз – биригүү, байла­ныш, топтолуу, аракет) – 1) адамдын психика­сы м-н физиологиясын башкаруунун окуусу ж-а ыкмасы, адамды толук «боштондукка» (мок­ша же нирвана) жеткирүү максатын койгон индия диний ж-а философиялык системаларынын ку­рамдык элементи. Адамда сезилбеген күчтөр бар ж-а психиканы белгилүү бир түрдө уюштуруу аркылуу органикалык ж-а органикалык эмес процесстерди, денени башкарууга мүмкүн деп эсептейт; дене тарбия­лык машыгуулардын системасы иштелип чык­кан. Йога организмдин дем алуу ж. б. физиологиялык функцияларын башкарууда, каалагандай пси­хикалык абалга жетүү боюнча белгилүү ийгилик­терге жетишкен. Философиялык негизги идеясы: адам­дын психофизиологиясы м-н космостун (Аалам телолору) өз ара байланыштуулугу; 2) Индия философиясынын ортодоксунун (Ведалардын аб­роюн таануучу) алты системасынын бири, б. з. ч. 1-кылымда индиялык акылман Патанжали негизде­ген; йогалык ыкмалардын табиятын ж-а функ­цияларын, аларды колдонуунун этаптарын ж. б. түшүндүргөн. Жалпы философиялык маселелерде Санк­хья окуусун карманган. Йоганын жактоочулары аны адамды азаптан арылтуунун тажрыйбалык ыкмаларын иштеп чыккандыгы м-н өзгөчө­лөнгөн окуу деп эсептешет.