ИШКАНАНЫ САТЫП АЛУУ
ИШКАНАНЫ САТЫП АЛУУ – менчикти мамлекеттен ажыратуунун түрү. Ишкананы сатып алуу мүлктү сатып алуу-сатуу аркылуу жүргүзүлөт‚ анын натыйжасында менчик түрү ж-а менчик субъекти алмашат. Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө эмгек коллективинин ишкананы мамлекеттен сатып алган түрү кеңири тараган. Бул процесс ар түрдүү ыкма м-н ишке ашырылат. Мисалы‚ АКШда эмгек коллективи ишкананын акцияларын сатып алат. Капиталды сатып алуу үчүн банк кредити пайдаланылат. Кредит төлөнүп бүткөнгө чейин акциялар ишкананын тескөөсүндө турат‚ толук төлөнүп бүткөндөн кийин гана алар жамааттын ар бир мүчөсүнүн менчиги болуп калат. Cатылуучу ишкананын наркы рынок баасы боюнча аныкталат. Колдонуудагы эрежелерге ылайык ишкананын наркын баалоодо бир канча фактор эске алынат‚ анын ичинде экономиканын ошол тармагынын позициясы; капиталга теориялык баа ж-а финансылык абал; ишкананын кирешени өстүрүүгө ж-а дивиденддерди төлөөгө жөндөмдүүлүгү; ишмердик чөйрөсүндө иш жүргүзгөн ишканалардын капиталына рыноктук баа. Толук ишкананы сатып алуудан кийин эмгек жамааты аны кооперативге АКка же менчиктин коллективи түрүнүн базасында иштеген башка түрүнө өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алат. Эгерде ошол ишкананын эмгек коллективи аны сатып алуудан баш тартса же мүмкүнчүлүгү жок болсо‚ конкурстук же аукциондук сатык колдонулушу мүмкүн. Аукциондо сатууда жогорку бааны ким сунуш кылса‚ ошол сатып алуучу болуп эсептелет. Ишкананы сатып алгандан кийин эмгек коллективи ишкананын бүткүл мүлкүнүн‚ ошондой эле анда чыгарылган продукциянын толук укуктуу ээси болуп калат. Бул натыйжалуу эмгектин
ж-а өндүрүштүн маанилүү өбөлгөсү болуп саналат.