ИШИМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШИМ – Казакстан м-н Россиядагы дарыя, Ир­тыштын сол куймасы. Узундугу 2450 км, алабынын аянты 177 миң км2. Сары-Аркадан башталат. Жогорку бөлүгү кууш өрөөн аркылуу агып, Ас­тана шаарынан төмөн карай өрөөнү кеңийт. Ишим талаасына чыкканда сандаган эски нуктары бар жайылма, төмөнкү бөлүгү саз аркылуу агат. Орточо чыгымы чатынан 215 км жогору 56,3 м3/сек. Жазында катуу ташкындайт. Ноябрдын башы­нан апрель-майга чейин тоңот. Петропавловск шаарынан жогору карай 270 км аралыкта ж-а Ви­кулов кыштагынан чатына чейин кеме жүрөт. Вя­чеславский ж-а Сергеевский суу сактагычтары эл чарбасын суу м-н камсыз кылуу ж-а сугат үчүн курулган. Боюнда Астана, Державинск, Есил, Петропавловск (Казакстан), Ишим шаарлары (Россия) жайгашкан.