ИЧКЕ-ЖЕРГЕЗ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЧКЕ-ЖЕРГЕЗ – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Боз-Учук айыл өкмөтүнө караштуу. Ичке-Жергез сусунун боюнда, Тескей Ала-Тоонун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1880 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол шаарынан 23 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 245 км. Калкы 2185 (2022); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Дарыкана, ФАП, мончо, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Кыштакта Кыргыз эл сүрөтчүсү Ж. Үмөтов туулган.