ИЧ ӨТКӨК
ИЧ ӨТКӨК , д и а р е я – тез-тез суюк заңдоо м-н коштолгон оору. Ал өз алдынча оору болбостон, көптөгөн патологиялык процесстердин белгиси катары пайда болот. Ага катуу кармаган жугуштуу оорулар (дизентерия, тамак-аштан уулануу, ич келте, холера), ичегинин өнөкөт сезгенүү оорулары (энтероколит, колит ж. б.), ошондой эле карындын, уйку безинин маңызы, өт жетишсиз болгондо тамак сиңирүүнүн бузулушу, ичегилердин начар иштеши себеп болот. Ич өткөк организмден уу заттарды, оору пайда кылуучу микроорганизмдерди ж. б. бөлүп чыгарып, организмдердин коргонуу реакциясы болуп саналат. Диагнозу лаборатолриялык, бактериологиялык, рентген ж-а эндоскопиялык изилдөөлөр м-н аныкталат. Диагноз коюлганга чейин оорулууну өзүнчө бөлмөгө жаткырып, идиш-аяк, сүлгүсүн бөлүп, майлуу тамак, жемиш, сүт бербөө керек. Ооруну врач дарылайт, өз алдынча дарылануу түрдүү кабылдоолорго алып келиши мүмкүн. Ич өткөктүн алдын алууда тамактануу режимин, жеке гигиенаны туура сактоо, ичеги-карын ооруларын дарылоо чоң мааниге ээ.