ИЧ КАТУУ
ИЧ КАТУУ – узакка (48 сааттан ашык) заңдабай калуу; ичеги маалы м-н арылбай, кыйналып заңдоо. Ич катуу көптөгөн оорулардан, айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасиринен, начар тамактануудан келип чыгат. Дени соо адамдын заңдоосу тамактанышына, жашоо шартына ж-а көнүмүш адатына жараша ар кыл болот . Көпчүлүк адамдар суткасына бир жолу заңдашат. Ич катуу көбүнчө аялдарда, улгайган адамдарда кездешет. Ал ичегинин ишин нервдик жөнгө салуу начарлоодон, туура эмес тамактануудан, борбордук нерв системасынын кээ бир ооруларында, кыймылсыздыктан, ичегинин сезгенишинен, жоон ичегинин тубаса начар өөрчүшүнөн, эндокриндик ж-а психикалык, ошондой эле денедеги туз ж-а суу алмашуунун бузулушунан ж. б. болот. Ич катуунун пайда болушуна шарттуу ж-а шартсыз рефлексттердин, ички бездердин начарлашы ж. б. факторлордун да мааниси чоң. Ал өз алдынча оору же башка оорунун белгиси болушу мүмкүн. Анын катуу кармаган ж-а өнөкөт түрлөрү бар. Тамактануунун бузулушунан ич катуу көп кездешет. Ага узак убакыт бир өңчөй тамактануу, аз кыймылдоо ж-а тиштин начарлыгы, суюктукту аз ичүү себеп болот. Дарылоо негизги себептерине жараша жүргүзүлөт. Алдын алууда маалы м-н тамактануу, тамак рационуна жашылча-жемиштерди, сүт азыктарын, өсүмдүк майын, бал кошуу зор мааниге ээ. Ошондой эле, эртең м-н курсакка күч келтирүүчү көнүгүүлөрдү жасоо, жүгүрүү, жөө жүрүү ж. б. ичегилердин иштешин жакшыртат.