ИТЕРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТЕРА́ЦИЯ (лат. iteratio – кайталоо) – кан­дайдыр бир математикалык операцияны кайталап кол­донуу. Эгерде у = ƒ(х) =ƒ1(х)хтен функция бол­со, анда ƒ2(х)= ƒ[ ƒ1(х)], ƒ3(х) = ƒ[ƒ2 (х)]..., ƒn(х) = ƒ[ƒn–1(х)] функциялары f(x) функциясы­нын тиешелүү түрдө 2-, 3-, ..., n-И-сы деп ата­лат, мис., f(x) = xa болсо, ƒ(х) =(ха)а=ха2 келип чыгат. n индекси интерациянын көрсөткүчү, ал эми f(x) функциясынан f2(x), f3(x), ... функция­ларына өтүү интерациялоо деп аталат. Функциянын кээ бир класстары үчүн каалагандай чыныгы ж-а ал түгүл комплекстик көрсөткүчтүү интерацияны аныктоого болот. Интерация ар түрдүү теңдемелерди ж-а алардын системаларынын жакындашты­рылган чыгарылыштарын табууда колдонулат.