ИСТАХРИ
ИСТАХРИ Абу Исхак ибн Мухаммед ал-Фариси ал-Истахри – (болжол менен 850, Иран – 934) – араб географы. Эмгегинин белгилүүсү «Сувар ал-акалим» («Аймактардын чет жакалары») деп аталып, анда түшүнүктөр менен кошо карталар жана атластардын жыйнагы берилген. Ал түзгөн «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр менен жолдордун китеби») деген эмгеги араб географиясынын классикалык үлгүсү болуп саналат. Ал китептин өзөгүн 920-жылы жазылган Абу Зайд Балхинин географиялык эмгегинен алып, аны өзү көргөн маалыматтар менен толуктаган. Истахри мусулман өлкөлөрүн гана жазууну максат кылып, аларды кеңири 20 аймакка бөлүп, «климат» (ар. иклим) деп атаган. Арабиядан баштап Мавераннахрга тийиштүү жерлердин (Согд, Усрушан, Фергана, Шаш, Илак ж. б.) толук маалыматын, анын ичинде аларга караган ар бир аймакты (мисалы, Миан-Рудан же Кара-Дарыя менен Нарын дарыясынын аралыгы; Жигил же Чаткал), шаар-кыштактарды (мисалы, Аксикент, Ош, Өзгөн, Мадва, Хайлам ж. б.) алардын аралыгы, кен байлыктары, жолдору тууралуу кенен баян кылган. Мындан тышкары ал жерлерде жашаган элдер (тогузгуз, хырхыз, кимак, гузз, хазлаж ж. б.), алардын тили, чарбасы жана соодасы жөнүндө да кенен маалыматтарды берген. Андан тышкары тогузгуз, хырхыз (кыргыз), кимак, гуз, хазлаждар (карлук) түрк тилинде сүйлөп, бир-бирин жакшы түшүнүп, ал эми Син (Кытай) жана Туббет (Тибет) жеринде жашаган элдин тили алардан айырмаланып турганын белгилеген. Бизге анын араб тексти менен 930–933-жылдарда кыскача редакцияланган эмгеги жеткен. Мындан башка толук редакцияланып, Ибн Хаукал пайдаланган экинчи эмгеги болгон. Анын эмгегин М. де Гуе басып чыгарган.
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2002.
Т. Жуманалиев.