ИСМАНКУЛОВ Алмазбек Осмоналиевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ИСМАНКУЛОВ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСМАНКУЛОВ Алмазбек Осмоналиевич (13. 1. 1963-жылы туулган, Фрунзе) – офтальмолог, медицина илимдеринин доктору (2000). КММИни бүтүргөн (1986). РФтин Гагарин шаарында окулист-врач (1988–89), Смоленск шаарында №1 ШКОдо окулист-врач, бөлүм башчы (1989–90), Москва шаарындагы офтолмоло­гия борборунда аспирант (1990–93). КММАда до­цент, 1995-жылдан «Көз микрохирургиясы» госпиталынын директору болуп эмгектенет. Медициналык программа боюнча АКШда Гарвард университетинде окуган (1995–97). Лондондогу Оксфорд университетинде, Британия королдук офтальмология институтунда иштеген. РФ медициналык-техникалык ИАнын академиги. 70тен ашык илимий эм­гектери, анын ичинде 1 монография, 38 ойлоп табуулары бар.

Эмг.: Комплексное лечение амблиопии и косоглазии у детей (в соавторстве). Ош, 2000.