ИСМАИЛИТТЕР
ИСМАИЛИТТЕР – 8-кылымдын 2-жарымында араб халифатында пайда болгон ж-а мусулманчылыкта кеңири тараган шиизмдин жактоочулары. Алар жөнүндө туура маалыматтар 9-кылымдын аягынан тартып гана сакталып калган. Шииттердин 6-имамы Жафар ас-Садиктин улуу уулу Исмаилдин атынан аталган. Сунниттик халифке каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөн шииттердин өтө активдүү тобунун таасири астында Исмаилдин уулу Мухаммед жетинчи ж-а акыркы имам болуп таанылган. Исмаилиттердин окуусу неоплатонизм м-н буддизмдин таасири астында калыптанган диний-философиялык системаны элестетет. Бул системага ылайык эч кандай атрибуттарга ээ эмес ж-а ошол себептен адам акылы м-н түшүнүү мүмкүн болбогон Алла дүйнөлүк акылды жараткан. Дүйнөлүк акыл дүйнөлүк жанды жаратып, дүйнөлүк жандын касиеттери болуп жашоо ж-а кыймыл эсептелинет. Ушул касиеттерине таянуу м-н дүйнөлүк жан материяны – көзгө көрүнгөн ж-а сезимдерге берилген дүйнөнү пайда кылган. Бирок, материя инерттүү ж-а дүйнөлүк акылдагы идеяларды чагылдырган ар кандай формаларды кабыл алууга жөндөмдүү. Дүйнөлүк акыл аян түрүндө пайгамбарлар деп аталган өзгөчө адамдарга берилет. Алар кудайдын акылын адамдарга эч бурмалабастан жеткирүүгө милдеттүү. Алардын жолун улоочулар имамдар деп аталышат. Исмаилиттер Адам, Ибрагим (Авраам), Нук (Ной), Муса (Моисей), Иса (Иисус Христос), Мухаммед ж-а Исмаил өңдүү 7 пайгамбарды ж-а алардын жолун жолдогон 7 имамды таанышат. Ар бир пайгамбар белгилүү бир тарыхый доорго ж-а аларга ылайык келген кудай аянынын стадиясына туура келет. Исмаилиттердин окуусу 909-жылы Туниске бийлик орноткон, кийин 972–1171-жылдарда Египетти башкарган Фатимид халифтеринин расмий идеологиясы болгон. 11-кылымдын аягында исмаилиттер сектасында бөлүнүп-жарынуучулук жүрүп, неоисмаилизм жаралган. Бул окуу өз имамын кудайга айланткан ассасиндер сектасынын идеологиясы болуп эсептелген. Исмаилиттердин руханий башчысы ага-хан титулуна ээ. Бул титулду исмаилизмдин негизги бутактарынын бири низариттердин имамдары алып жүрүшөт.