ИСЛАМОВ
ИСЛА́МОВ Юрий Верикович [1968, Ош (азыркы Жалал-Абад) облусу, Базар-Коргон району, Арстанбаб айылы – 31. 10. 1987, Афганистан, сөөгү

РФтин, Свердлов облусундагы, Талица шаарына коюлган] – жоокер-интернационалист, кенже сержант, Советтер Союзунун Баатыры (1988). 5-класска
чейин Мичурин атындагы мектепте (Арстанбаб айылы) окуган, кийин Свердлов облусунун Талица шаарындагы № 55 орто мектепти бүткөн. 1985-жылы Урал токой-техникалык институтуна өтүп, анын 2-курсунан Советтик Армиянын катарына чакырылып, Афганстанда кызмат өтөгөн. Буктурмага кабылган жолдошторунун кутулуп кетишине шарт түзүп, акыркы огу калганча атышып, курчап алган душмандарды өзү м-н кошо жок кылган. Ленин ордени, «Каармандыгы үчүн» медалы м-н сыйланган. Талица шаарына эстелик тургузулган.