ИСКРА (Чүй районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ИСКРА барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́СКРА – Чүй районундагы кыштак. Искра айыл округуна караштуу. Бишкек – Балыкчы авто­мобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 908 м би­йиктикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Токмок шаарынан 12 км чыгыш та­рапта. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 3524 (2022); негизинен дыйкан чарбасында эмгекте­нет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана бар. Чүй кушкана фабрикасы, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.