ИСАЕВ Беделбай
(ИСАЕВ 3 барагынан багытталды)
ИСАЕВ Беделбай [1911-жылы туулган, Ош облусу, Совет (азыркы Кара-Кулжа) району, Чалма айылы – 1985, ошол эле жер] – айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Ош облусунун Совет районундагы «Ленинчил жаш» кол-

хозунун колхозчусу, ферма башчысы (1929–40), башкармасы (1941–61), бригадири (1961–65) болуп иштеген. Исаевдин жетекчилигинде колхоз мал чарбасын өнүктүрүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, 1947-жылы райфондо эң алдыңкы чарбага айланган. 1951–59-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени м-н сыйланган.