ИРАКТЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРАКТЫКТАР , и р а к т ы к а р а б д а р – Ирактын негизги калкы. Иордания, Түркия, Кувейт ж-а Германияда да жашашат. Саны 24,8 млн киши (2007). Араб тилинде сүйлөшөт. Калк­тын көпчүлүгү ислам дининин шиит (62%), кал­гандары суннит (34%) багытын тутушат. 7-кылым­да арабдар Ирактын аймагын басып алышып, жергиликтүү калктар (Кош-Өзөн аймагындагы байыр­кы мамлекеттердин жашоочуларынын тукум­дары) м-н ассимиляцияланган. Ирактыктар дыйканчы­лык, бакчачылык ж-а мал чарбачылык м-н ке­сип кылышып, дубалы чийки кыштан согулуп, полу ылай м-н шыбалган, чатыры жалпак, бир же эки бөлмөлүү үйлөрдө, айрым жерлерде ка­мыш алачык – сарифтерде, ал эми көчмөн мал-

Улуттук фольклордук ансамбли.

чылар жүндөн жасалган чатырларда жашаш­кан. Ирактыктар узун көйнөк (дишдаша), ак түстүү ыш­тан, жеңсиз, кенен кемсел (аба) кийишип, эр­кектер башына жоолук (яшмаг) оронуп, жүн­дөн эшилген атайын кармагыч-алкак (агалем)


кийишкен. Аялдар асем кооздук буюмдарды тагынышып, жүзүн жаап жүрүшөт. Тамак ­ашы – негизинен арпа, буудай ж-а курма наны, ошондой эле күрүч, айран, жер-жемиштер. Майрам күндөрү эт азыктарын колдонушат. Суусундук катары чай, кофе, шербет, лимонад (хамуд), чалап пайдаланылат. Ирактыктар мусулман майрамда­рын (орозо айт, курман айт), ошондой эле Республика күнү (14-июль), Эмгек күнү (1-май), Армия күнү (6-январь) ж. б. майрамдарды майрамдашат.

Ш. Керимова.