ИПР
ИПР – Бельгиянын түндүк-батышындагы шаар. Калкы 34,8 миң (2008). Алгач 1066-жылы эскерилет. Фламанддык графтарга таандык болгон. 1116-жылы шаар укугун алган. 1165–77-жылдарда Фландриянын башка шаарлары м-н бирге графтыктагы чиновниктердин укуктарын ж-а милдеттерин жөнгө салуу статусуна ээ болгон. 12-кылымдан жыл сайын ярмаркалар (негизинен жүндөн токулган нооту) өткөрүлүп турган. 13-кылымда ар кайсы соода уюмдарына (анын ичинде немис шаарларынын саясий ж-а соода союзу – Ганзага) мүчө болгон. Ипрдын аймагында 1-дүйнөлүк согушта бир нече ири салгылаштар болуп, Германия тарыхта алгачкылардан химиялык курал колдонгон. 1914–18- ж-а 1940–44-жылдарда шаардын чеп м-н курчалган борбордук бөлүгү көптөгөн кыйроолорго учураган. Шаардын Гроте-маркт башкы аянтындагы фасадд готика стилиндеги нооту катарлары (узундугу 132 м) Белфорт вече мунарасы м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Ыйык
Мартин собору (1221–15-кылым; бийиктиги 102 м), Ыйык Иаков (13–15-кылымдар), англикан стилиндеги Ыйык Георгий (1927–29) чиркөөлөрү, Гент ак сарайы (16-кылым) сакталган.