ИОНИЯ АРАЛДАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИО́НИЯ АРАЛДАРЫ (аты байыркы грек уруусу – ионилерден) Иония деңизинде, Балкан жарым аралынын батыш жээгинде; Грекиянын аймагы. Аянты 2,3 миң км2. Негизги аралдары: Кефалиния, Керкира (Корфу), Закинтос, Лефкас. Негизинен акиташ тектеринен түзүлгөндүктөн, карст процесси өнүккөн. Дөбөлөр ж-а жапыз тоолор (бийиктиги 1628 мге чейин, Кефалиния аралында), ыңгайлуу булуңчалар бар. Маквис, айрым жерлерин эмен токою ээлейт. Өрөөндөрүндө жүзүм, цитрус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы өстүрүлөт. Деңиз курорттору бар. Негизги шаарлары – Керкира, Аргостолион.