ИОНИЛЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИОНИЛЕР , и о н д о р – Байыркы Грекиядагы уруулардын бири. Уруунун түпкү атасы деп эсептелген мифологиялык кереметтүү баатыр Иондун атынан аталган. Аттикада Эвбей аралынын бир бөлүгүндө, Хиос, Самос, Наксос ж. б. аралдарда жашаган. Б. з. ч. 11–9-кылымдарда Кичи Азиянын батыш жээгинин ортоңку бөлүгүн, андан соң Кара деңиз ж-а Мрамор деңиздеринин жээктерин ээлеген. Кеңири тараган ион диалектисинде Гомердин поэмалары, Геродоттун чыгармалары ж. б. адабияттар, эпиграфиялык эстеликтер сакталып калган.