ИОНДУК РАДИУС
ИОНДУК РА́ДИУС – иондук бирикмелердеги шар сымал иондордун өлчөмүн болжол менен аныктоодо колдонула турган шарттуу мүнөздөмө. Иондук радиус кристаллды түзгөн иондордун аралыктары боюнча аныкталат. Аны рефракциялык, рентген-электронографиялык ж-а квантмеханикалык жолдор м-н ченеп алууга болот. Электр нейтралдуу атомдордун электрондорун жоготуусунун натыйжасында пайда болгон оң заряддуу иондордун өлчөмү баштапкы атомдордон дайыма кичине болот. Тескерисинче, терс заряддуу иондор электрондорду кошуп алуудан пайда болгондуктан, чоң болот. Бир эле элементтин оң заряддуу иону анын терс ионуна караганда кичине радиустуу, эгерде анын бир нече иону болсо, анда заряддын көбөйүшү м-н иондук радиус терс иондордо чоңоёт, оң иондордо кичирейет. Элементтердин мезгилдик системасындагы алган орду м-н иондук радиус мыйзам ченемдүү байланышта болот. Иондук радиус кристалл химиясы, кристалл физикасы, оптика ж-а геохимияда колдонулат.