ИОН БУЛАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИО́Н БУЛАГЫ – вакуумда иондордун багыттуу агымы алынуучу түзүлүш. Ион булагы – заряддалган бөлүкчөнү ылдамдаткыч, иондук микроскоп, термоядролук синтез ж-а изотопту бөлүп алуу­чу орнотмо ж. б. түзүлүштөрдүн негизги бөлүгү. Плазмалуу ион булагы өтө кеңири тараган. Жогорку тыгыздыктагы иондуу токтун ион булагы д у о п ­л а з м а т р о н деп аталат. Мында иондошту­руу деңгээлин жогорулатууда, диафрагманын ж-а магнит талаасынын жардамы м-н плазма кысылат. Газды иондоочу электрондор магнит талаасы боюнча катод м-н чагылткычтын арасын­да термелүүчү ион булагын түзөт. Чагылткычтагы ион тешик аркылуу же болбосо анод цилиндринде­ги жылчык аркылуу чыгарылат. Цезий м-н кап­талган электродду суутектин оң иондорунун агы­мы м-н аткыланганда алар терс ионго айланып, ургаалдуу агым түзүлүп, беттик-плазмалык ион булагы алынат. Тез кыймылдоочу нейтралдык бөлүкчө­лөр инжекторунда (насосунда) магнит талаасы­сыз ондогон А тогу бар ион агымын алууга мүм­күнчүлүк түзүүчү кубаттуу жаа ион булагы пайдала­нылат. Иондордун көлөмдүк зарядын нейтрал­даштыруу м-н жогорку жыштыктагы, жүздөгөн килоамперлүү (кА) ион агымын алууга болот. Көп разряддуу иондордун ион булагы энергиясы ж-а тыгыздыгы жогору электрон агымы көзөп өтүүчү көлөмдөгү ионду көпкө кармап тургандыгы м-н өзгөчөлөнөт. Катуу нерсени кубаттуу лазер нуру м-н нурлантканда пайда болгон плазма да көп заряддуу ион булагы болот.