ИО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИО (Iо) – Юпитердин жандоочусу. 1610-жылы Га­лилей ачкан. Чоң жарым огу 421600 км, диа­метри 3630 км, тыгыздыгы 3570 кг/м3. Ио м-н Европанын, Айдын өлчөмү бирдей, ал эми Га­нимед м-н Каллистодон кичине. Америкалык «Вояд­жер» космос аппараты тарткан Ионун бетинин

Файл:ИО58.png
Ио бетиндеги активдүү жанартоолор.

сүрөтүндө бийиктиги 9 кмге чейин аска сыяктан­ган тектердин бетин каптап жаткан ачык түстөгү күкүрттүү катмар, атылып турган жанартоолор жакшы көрүнүп турат. Ио бетинде жаңы кат­марлар пайда болуп турат ж-а кызгылтым тем­гилдер да бар, алар түпкүрдөн бууланып чык­кан туздар деп божомолдонот. Анын адаттан тышкары өзгөчөлүгү – аны курчап турган калың газ булуту. «Пионер-10» космос аппаратынан алынган маалыматтар боюнча Ионун сейрек атм­осферасы ж-а ионосферасы да бар.