ИНФАРКТ
ИНФА́РКТ (лат. intfarctus – шыкалган) – орган же ткандын артериялык кан жетпей калган бөлүгүнүн некрозго чалдыгуусу. Тромбоз, эмболия же ошол тканды азыктандыруучу артериянын тарышы, шишик басып калышы инфарктын түздөн-түз себеби болуп эсептелет; инфарктта ткандардын өзгөрүүсүнө гипоксиянын да таасири чоң. Инфаркттын ишемиялык, геморрагиялык ж. б. түрлөрү бар. Ишемиялык инфарктта некроз болгон жерге кан жетпей калса, геморрагиялык инфарктта ал жерге кан ашыкча толот. Ишемиялык инфаркт жүрөк, бөйрөк, көк боордо, ал эми геморрагиялык инфаркт өпкө, ичегиде болот. Инфаркт кургак (миокарддын инфаркты) же нымдуу (мээнин инфаркты) болушу мүмкүн. Анда органдар абдан өзгөрөт: өлүк масса чогулуп, киста (мисалы, мээде) же тырык (мисалы, жүрөк булчуңунда) пайда болот. Алдын алууда ага себеп болуучу оорулардан сактануу керек.