ИНТРУЗИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНТРУ́ЗИЯ (лат. intrudo – түртөм) – 1) магманын жер кыртышын түзүүчү тоотек катмарларын жиреп чыгуу (таралуу) процесси; 2) магма тоо тектеринен турган ж-а магманын жер кыртышында катып калышынан пайда болгон геологиялык тулку (интрузия, интрузия тулкусу, плутон). Мындан интрузия тоо тектер пайда болот. Жанаша жаткан тоо тектердин түзүлүшүнө карата бирдей (катмар интрузиясы, лополит ж. б.) ж-а иретсиз жаткан интрузия болуп (батолит, шток, дайка ж. б.) бөлүнөт. Пайда болуу тереңдиги боюнча тереңдиктеги (абиссалдык) ж-а жер бетине жакын (гипабиссалдык) интрузия болуп ажыратылат.