ИНТРОЕКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТРОЕ́КЦИЯ (лат. intro – ички ж-а jacio – таштоо, коюу) – 1) тааным теориясында кабыл­доочу объекттердин турпатын индивиддин аң-­сезимине киргизе берүүнүн жарабастыгы жөнүндөгү түшүнүк. Швейцариялык түшүнүк Р. Авенариус тарабынан колдонулган; 2) (психологияда) ин­дивиддин башка адамдардын көз караштарын, умтулууларын, шылтоолорун, жоболорун аңда­бастан, сын көз м-н карабастан, өзүнүн ички дүйнөсүнө кабыл ала бериши. Интроекция инсандын кор­гонуу, сактануу ж-а актануу механизми ката­ры каралат. Балалыкта өтүп жаткан интроекцияда ата­-эненин көз караштары баланын өз айыбын ж-а жоопкерчилигин, парзын, уяттуулукту сезүүсү­нүн ж. б. жактарынын калыптанышында маа­нилүү ролду ойнойт.