ИНТЕРИОРЛОШТУРУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНТЕРИОРЛОШТУРУУ (лат. interior – ички) – адамдын психикасынын ички структурасын сырткы социалдык ишмердүүлүктүн формаларын өздөштүрүү аркылуу калыптандыруу. Аталган түшүнүк француз психологдору Пьер Жан, Жан Пиаж, Анри Валлон тарабынан илимге киргизилген. Аталган авторлор интериорлоштуруу түшүнүгү аркылуу индивиддер ортосундагы мамилелердин психиканын ички структураларында чагылышын ж-а аң-сезимдин ички планын аныктаган аң-сезимсиздиктин калыптануусун түшүндүрүүдө пайдаланышкан. Орус психологу Выготскийдин пикири боюнча интериорлоштуруу индивид тарабынан адамдык баалуулуктарды ж-а руханий байлыктарды өздөштүрүү аркылуу психиканын чыныгы формаларын калыптандыруу болуп саналат.