ИНСЦЕНИРОВКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНСЦЕНИРО́ВКА – 1) драма түрүндө жазылбаган адабий чыгарманын сахна үчүн кайрадан иштелген варианты. Инсценировкалоону Россияда биринчи жолу А. Шаховский баштаган (В. Скоттун ж-а А. Пушкиндин чыгармаларына). 19-кылымдын 2-жарымына мүнөздүү романдан өзү каалагандай «пьеса бычып алууну» В. Немирович-Данченко четке кагып, МХТнин сахнасына оюнду роман формасында алып чыгууну көздөгөн. 20- кылымдын орто ченинде даректүү прозаны инсценировкалоо кеңири тараган. Кыргыз жазуучуларынан айрыкча Ч. Айтматовдун чыгармалары көп инсценировкаланган. Инсценировкалоого айрыкча радио уктурууда ж-а телекөрсөтүүдө көп көңүл бурулат.