ИНКВИЗИЦИЯ
ИНКВИЗИ́ЦИЯ (лат. inquisitio – тергөө, издөө) – католик чиркөөсүнө каршы динчилдердин ишин кароочу 13–19-кылымдардагы атайын чиркөө соту. Алар жамы журтту боштондукка чыгарууга аракеттенип, чиркөөгө каршы күрөшкөн атактуу адамдарды, ойчулдарды, илимпоздорду, жазуучуларды, дарыгерлерди (Ж. Бруно, Ж. Ванини) «ересь» деп күнөөлөшкөн. Инквизиция айрыкча Испанияда аябай өкүм сүргөн. Инквизитор Торквемада (15-кылым) 18 жылдын ичинде 10220 кишини тирүүлөй өрттөгөн. Анын кыянатчылыгынан 114 миң үй-бүлө жабыр тарткан. Инквизиция кесилгендин мал-мүлкүн чиркөөгө өткөрүп берип, аны байытуунун булагына айланган. 19-кылымдан инквизициянын милдети конгрегацияга өтө баштайт. 1965-жылы биротоло диний конгрегацияга айланат да, төңкөрүшчүл күчкө каршы күрөшөт.
Ад.: Фокчиньский И. Инквизиция // Католическая энциклопедия. М., 2005. Т. 2 (библ.).