ИНЖИЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНЖИЛ , Е в а н г е л и я (гр. euanqelion – жакшы кабар) – Библиянын бир бөлүгү; Кудайдан Ыйса пайгамбарга түшүрүлгөн ыйык жазуу. Иисус Христостун «жердеги өмүрү» ж-а христиан дининин башкы жоболору баяндалган диний чыгарма. Канондук инжил (Марктын, Матвейдин, Луканын, Иоанндын инжили, чиркөө аларды «Жаңы осуяттын» курамына киргизген) ж-а апокрифтик инжил болуп бөлүнөт. Инжилдин авторлору деп апостолдорду же алардын окуучуларын эсептейт. Айрым маалыматтарга караганда инжил 1-кылымдын аягы – 2-кылымдын башында жазылган деп болжолдонот.