ИНЕРЦИЯ ЗАКОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНЕ́РЦИЯ ЗАКОНУ – механиканын негизги закондорунун бири. Нерсеге сырттан күч таасир этпесе же аракет эткен күчтөр өз ара тең чоң­дукта болсо, анда ал өзүнүн тынч абалын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймылын сак­тайт. Механиканын бул закону инерция закону же Нью­тондун 1-закону деп аталат, к. Ньютон закон­дору.