ИНДУКЦИЯЛЫК НАСОС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНДУКЦИЯЛЫК НАСО́С – электр-магнит күчүнүн жардамы м-н электр өткөргүч суюктукту (адатта эриген металлдарды) которуп туруучу магниттик гидродинамикалык насос; электрмагнит күчү индуктордун магнит талаасы (насос аркылуу өтүп, суюктук м-н индукцияланган) м-н электр тогунун талаасынын өз ара аракеттенишинин натыйжасында пайда болот. Бул насос магниттик гидродинамикалык насостун бир түрү болуп эсептелет. Суюк щелочтуу металлдарды 1000°С ж-а андан ашык температурада бере алат. Конструкциясына карата спиралдуу ж-а сызыктуу болуп экиге бөлүнөт. Ал ядролук энергетика, металлургия ж. б. тармактарда колдонулат.