ИНДИКАТРИСА
ИНДИКАТРИ́СА (лат. indicatrice – көрсөтүүчү) о п т и к а д а – жарык талаасынын мүнөздөмөсүнүн (жаркырактык, полярлануу) же чөйрөнүн оптикалык чоңдуктарынын (чагылуу жөндөмдүүлүгү, сынуу көрсөткүчү ж. б.) багытка көз карандылыгынын графикалык сүрөттөлүшү. Мисалы, полярланбаган жарык нуру нерсенин бетине түшкөндө, ар тарапка чачырайт. Чачыраган нурдун ургаалдуулугу чачыроо бурчуна көз каранды болот. Индикатрисаны алуу үчүн уюлдуу диаграмманын борборунан тийиштүү вектордун чоңдугуна шарттуу масштабда туура келүүчү кесинди ченеп коюлат. Бул вектордун учу жаткан бет индикатриса болот. Оптикалык изотроптуу чөйрө үчүн индикатриса – сфера. Индикатриса бурчтук көз карандылыктын анализдик туюнтмасы татаал же белгисиз болсо, ошондой эле экспериментте берилгенди системалаштырууда пайдаланылат.